Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгынын” жабылуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Кабарлангандай, иш-чарага Кыргызстандан, Казакстандан жана Түркиядан белгилүү манасчылар катышты. Манасчылар “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтып берип, элдик бий топтору да өнөрлөрүн тартуулашты.
Мамлекеттик катчы “Манас” эпосу жалпы адамзат баалуулуктарынын чыныгы энциклопедиясы, озеки чыгармачылыктын туу чокусу болуп саналарын белгиледи.
“Кантсе да биз кыргыздар дүйнөлүк маданиятка, анын ичинде түрк тилдүү элдердин маданиятына “Манас” эпосубуз жана залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу опол-тоодой зор салым кошконубузду сыймыктануу менен айта алабыз.
Ошондон улам “Манас” эпосу кыргыз элинин эле эмес, түбү бирге түпкүлүктүү түрк элдеринин, алтургай жалпы адамзаттын руханий баалуулуктарынын, элдик нарк-насилдин соолгус булагы болуп келген, болуп турат, мындан ары деле боло бермекчи”, - деди ал.
Сүйүнбек Касмамбетов “Манас” эпосунун жумалыгы Дүйнөлүк IV көчмөндөр оюнун утурлай, түрк маданиятын эл аралык деңгээлде таанытуу максатында өткөрүлүп жатканын баса белгиледи.
Мамлекеттик катчы ХI кылымда жүздөгөн кыргыз жоокерлери миңдеген чакырым жерди басып, түрк туугандарга тагдыр чечер салгылашында жардамга келип, баатырларча курман болгонун эске салды. Изник шаарындагы “Кыргыз түрбөсү” же “Кыргыз күмбөзү” мына ошол тарыхый окуянын айкын далили.
“Бул окуя эки элдин тарыхындагы эң урунттуу учур болгон. Алардын сөөгү мына ушул касиеттүү жерде жай тапкан. Мына ошол кыргыз баатырлары айкөл Манастын урпактары болгон. Ушул тарыхый тамырды андан ары тереңдетип улоо максатынд, Бурса шаарында “Манас” эпосун айтуу – биздин улуу бабаларыбыздын алдындагы ыйык парзыбыз”, - деди ал.
Белгилей кетсек, “Манас жумалыгынын” алкагында Бурса шаарынын тургундары жана коноктору кыргыз оозеки элдик адабиятында маанилүү орунду ээлеген, түрк дүйнөсүнүн уникалдуу адабий жана маданий шедеврлеринин бири деп эсептелген дүйнөгө белгилүү “Манас” эпосу менен таанышышты.