Кыргызстанда сүт өндүрүмү жогорулады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Кабарлангандай, январдан августка чейин өлкөдө 1 миллион 181 миң тонна азык өндүрүлдү.
Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 24 миңге көп.
Ведомство мындай жыйынтыкты саан уйлар көбөйгөнү менен байланыштырды.
Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалат. Жалпысынан республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны 13,7 миң башка жана 1 уйдан саалган орточо саан 3,5 килограммга көбөйүшү менен байланыштуу.
Эң жогорку саандуу уйлар Чүй облусунун чарбаларында байкалат, ал жерде 1 уйдан саалган орточо саан отчёттук мезгилде 1982,6 килограммды түзгөн, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 4,2 килограммга көбүрөөк.
Өтө төмөн саандуу уйлар Баткен облусунун чарбаларында байкалат, ал жерде 1 уйдан саалган орточо саан отчёттук мезгилде 956,6 килограммды түзүп, бул көрсөткүч республиканын орточо көрсөткүчтөн 389,1 килограммга төмөн болууда.