Өкмөт 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 миллиард сомго жеткирүүнү пландоодо

2023-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 миллиард сомго жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алдынкы 3 жылга бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Жапаров белгилегендей, ички дүң продуктунун өсүшү боюнча эл аралык уюмдардын терс божомолдору ишке ашкан жок.

"Республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн колдоо боюнча мурда көрүлгөн чаралардын аркасында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактап кала алдык. Тышкы карызды төлөөнүн негизги бөлүгү жакындап калды, ошол эле учурда мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелери толугу менен аткарылып жатат. Мындан тышкары, социалдык, маданият тармагынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлүп, 1-октябрдан тарта пенсиялар көбөйүүдө. Борбор калаада 9 орто мектеп пайдаланууга берилди, жакынкы арада дагы 6 мектеп пайдаланууга берилет. Бардык тармактарда иш жигердүү жүргүзүлүп жатат. Келерки жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 миллиард сомго жеткирүүнү пландап жатабыз", - деди Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, глобалдык экономикалык басаңдоо менен катар глобалдык инфляция жогорку деңгээлде калууда.

"Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биз Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларын тийиштүү көлөмдөгү күнүмдүк керектелүүчү продуктулар менен толтурдук. Экономиканын тармактарын 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Балыкчы–Кара-Кече темир жолунун курулушу башталды", - деди министрлер кабинетинин башчысы жана 2022-жылга пландалган 404 миллиард сом өлчөмүндөгү консолидацияланган бюджетти ашыгы менен аткаруу пландалып жаткандыгын кошумчалады.

Андан соң финансы министри Алмаз Бакетаев 2023-2025-жылдарга бюджеттин долбоору менен тааныштырды. Кеңири талкуудан кийин сунушталган бюджеттин долбоору жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан