Маткеримов: "Кээ бир министрликтердин жообун уксаң, бейиште жашап жаткандай сезилет"

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Айбек Маткеримов өкмөттүн аткарып жаткан ишин сынга алды.

"Биз көтөргөн маселелердин бардыгы элдин кайрылууларынын негизинде болот. Биз ошол кайрылууларды тиешелүү министрликтерге жолдоп, сунуш берсек ар кандай жоопторду айтышат. Ал жоопторду угуп отурсаң, бейиште жашап жаткандай сезилет. Андай болсо эл бизге кайрылмак эмес да же эмне элибиз калп айтабы?", - деди ал.

Ошондой эле Маткеримов кээ бир министрликтер президенттин жүргүзүп жаткан саясатына каршы иштеп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан