Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев өкмөттөн Баткенге бөлүнгөн 500 миллион сомдун кайда экенин тактоону талап кылды.
Эл өкүлүнүн айтымында, акча 2022-жылдын башында бөлүнгөн. Депутат министрлер кабинети өз милдеттерин так аткарбай жатат деп эсептейт.
“Биз Баткенге бөлүп берген 500 миллион сом кайда? Депутаттар сиздерге айтып жатат, бирок сиздер укпай жатасыздар. Эгерде биз бир нерсени талап кылсак, бирок ал аткарылбаса анда министрлер кабинетин кетириш керек же өзүбүз кетели. Алар бизди укпаса, бул кабинеттин эмне кереги бар? Баткенге бөлүнгөн акчаны тапкыла”, - деди Түлөбаев.