Жогорку Кеңеште эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу 14-17-сентябрь күндөрү Баткенде орун алган соңку окуяга токтолду.
“Баткенге өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Баткенге каржы жагынан да, башка жактан да жардам беришибиз керек. Кой-Ташта аскердик бөлүк турат. Ал эмне Ак Үйдү коруйбу? Балыкчыда аскер гарнизону турат. Ошонун баарын Баткенге жылдырышыбыз керек. Мындан сырткары аскердик окуу жайлардын баарын тең ошол тарапка жылдырбасак болбойт. Ички иштер министрлигиндегы орун басарлардын бири баш болуп, түштүк аймак боюнча башкармалык түзүлүп Баткенде отурушу керек. Тажик тарап кайрадан кол салбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Соңку окуя кайра кайталанбашы үчүн даярдык көрүшүбүз керек”, - дейт эл өкүлү.
Мындан сырткары Коргонбай уулу чек арадагы элди тийиштүү текшерүүдөн өткөргөн соң алардын колуна курал-жарак берүүнү сунуштады.