
АКШ Ооганстанда калып калган 100дөн ашуун аскердик учагын Тажикстанга берүүнү көздөп жатат деген маалымат бар экенин Жогорку Кеңештин депутаты
Чыңгыз Айдарбеков бүгүнкү жыйын учурунда билдирди.
"Ал учактардын баарын Тажикстан коргонуу максатында эмес, Кыргызстанга карата агрессия жасоо үчүн колдонорун билебиз. Андыктан бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, дипломатиялык мүнөздөгү алдын алуу иш-чараларын көрүү керек. Агрессордун колуна мындай заманбап техникаларды карматууга жол бербөө шарт. Анын ордуна башка техникаларды беришсин", - деди эл өкүлү.