УКМК саясатчы Алтынбек Сулаймановдун кармалганын четке какты. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Сулайманов УКМК тарабынан кармалганын жазып чыгышкан.
Белгилесек, 27-сентябрда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырган. Ал жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаж экендигин айтып, жергиликтүү башкаруу системасын сынга алган.