2-октябрда Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө саат 9:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, "Түндүк электр" ААКнын Чүй электр тармактары ишканасы жекшемби күнү, 2-октябрда «Борбордук-1» көмөк чордонуна пландык иштерди жүргүзөт. Электр энергиясы өчүрүлгөн аймакка «Белинский» суу топтомосу кирет.
"Муздак ичүүчү суу токтотулган учурда «Белинский» суу топтомосунда, ошондой эле суу топтомону кышкы мезгилге даярдоо максатында шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда.
Өчүрүү району: Фрунзе көчөсү, Манас кең көчөсү, Жибек Жолу кең көчөсү, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү. Турак үйлөрдө, мектептер, балдардын мектепке чейинки мекемелери, саламаттыкты сактоо объекттери, башка социалдык-тиричилик жана өнөр-жай багытындагы мекемелерде суу болбойт", - деп айтылат билдирүүдө.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.