Бишкекте 30-сентябрдан тарта фонтандар өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэрия тарабынан маалым болду.
Маалыматта айтылгандай, "Тазалык" муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин улантууда. Эртең, 30-сентябрда шаардагы фонтандарды өчүрүү жана кышка даярдык көрүү пландалууда.
"Ишкананын кызматкерлери фонтандар өчүрүлгөндөн кийин фонтандардын бассейниндеги сууну агызып, тазалоого киришет. Атайын техниканын жардамы менен электр насостору жана саптамалар демонтаждалат. Фонтан комплекстеринин лампалары тазаланат. Октябрдын аягына чейин фонтандарды кышка толук даярдоо пландалып, ноябрь айында насосторду, электр кыймылдаткычтарын, суу түтүктөрүн, электр панелдерин капиталдык оңдоодон өткөрүү жана тетиктерди алмаштыруу иштери башталат", - деп билдиришти мэриядан.
Айта кетсек, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын балансында жалпы 16 фонтан бар.