Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында, Боом капчыгайындагы (темир жолдун 3886-чакырымы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, таш түшүрүү иштери 3-октябрдан 7-октябрга чейин жүргүзүлөт.
Иш саат 09:00дөн 15:00гө чейин ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү убакытта жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат.
30-40тан ашык унаанын топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.