Бразилияда көпүрө урап, анын кесепетинен 3 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматта айтылгандай, окуя кечээ, 28-сентябрда Амазонас штатында орун алган. Көпүрө ураган маалда унаалар жана адамдар бар болгон.
Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп (2 эркек киши жана 1 аял), 14 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Ошондой эле болжол менен 15ке жакын адам дайынсыз болууда. Сууга 12 унаа кулаган. Учурда суучулдар тереңдиги 20 метрге жеткен суудан адамдарды издөө иштерин жүргүзүп жатат.