Шашылыш билдирүү! 1-октябрда күн сууктап, жамгыр карга айланышы мүмкүн

1-октябрда күндүз Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жамгыр карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Абанын температурасы төмөндөп, 1-октябрда күндүз Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 16…21°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 9…14°, тоолуу райондордо 1…6°, бийик тоолуу райондордо -1…+4° градуска чейин болушу күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
2-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан