Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен Максат айылында кыйраган объектилер менен таанышты.
Ошондой эле Акылбек Жапаров жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.