Бишкек мэриясынын шаардагы Шүкүров көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн дубалдарын түрттүргөнү мыйзамсыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев SUPER.KG порталына билдирди.
"Бул тосмону алды, албады деп трагедия кылыштын кереги жок. Мамлекеттин жериби анда алыш керек. Ал жерде тротуар болгон. Тротуарга эч кандай кооптонуу дагы болгон эмес. Ошол жердеги 1 чакырым жолду булар магистраль кылып чоңойтуп жатышат. Себеби эмнеде? Ал жерде унаа жүрбөйт. Демек бир ой бар.
Менин далилим жок. Болгону ушуну эки-үч күндөн бери сенсация кылып жатышат, кыла беришсин. Атың чыкпаса жер өрттө дейт. Мен Элмурзамын дагы бир жолу айтып коёюн. Жазгыла, жамандагыла. Мага келип каяша сүйлөгөн балдар мен көргөндү көрүп алышсын.
Мэриянын талабы мыйзамдуу, кылганы мыйзамсыз. Себеби мэрия мыйзамдуу болсун деп Октябрь райондук сотуна кайрылган. Ал соттун чечимин күтүш керек. Мен эч кандай чара көрбөйм", - деди Сатыбалдиев.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин комитеттеринин биринин жыйынында Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев менен Элмурза Сатыбалдиев айтыша кетип, депутат кыр көрсөтүп жаткан видео тараган. Анда депутат шаардын вице-мэринен мэрия кандай негизде тургундардын тосмолорун бузуп жатканын сураган. Эл өкүлү короонун тосмосу муниципалдык жерге чыгып кетсе да нааразычылыгын билдирген.
"Мен сага айтып коёюн, иним, сен мага күпүлдөбө, башка жерде күпүлдө. Бул Жогорку Кеңеш, өзүңдү сыйлабасаң, бизди сыйла. Сыйлагың келбесе, сыйлатып алам. Булар сыйлатпаса, мен сени сыйлатам, сөзсүз", - деген анда Сатыбалдиев.
Бул көрүнүш коомчулуктун нааразычылыгын пайда кылып, мыйзам барына бирдей экенин айтып чыгышкан.
Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек мэриясы Бишкектеги Шүкүров 166 дарегинде жайгашкан үйдүн тосмосу сүрдүрүлгөнүн билдирди. Бул үй Элмурза Сатыбалдиевдин үйү.