Тажикстандын куралдуу кол салуусуна байланыштуу Баткен облусунан Ысык-Көл облусуна убактылуу көчүрүлгөн жарандар өз үйлөрүнө кайта баштады. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматында айтылат.
Маалым болгондой, эвакуация болгон жарандардын алгачкы этабы бүгүн саат 11:00де жолго чыгышкан.
"Облустун Чолпон-Ата шаарынан жалпы 52 жаран 1 автобус менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлүнүн жетекчилигине жөнөп кетишти", - деп билдиришти мекемеден.
Ысык-Көл облусуна Баткенден жалпысынан 169 адам эвакуацияланган.