Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркиянын Бурса шаарына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Жапаровду жубайы Айгүл Жапарова коштоп жүрөт.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы Изник шаарында өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрь-2-октябрь аралыгында шаарында өтөт.