"Ихсан групп ЛТД" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Акинай Бекмурзаева Бишкектеги №1 тергөө абагынан ооруканага кечээ, 28-сентябрда которулган.
Белгилей кетсек, Акинай Бекмурзаева 11-июнда Бишкекте кармалган. Ага карата 209-берене (алдамчылык), 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон.
Биринчи Май райондук соту аны 8-ноябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.