Бишкек шаардык мэриясы Тажикстандын куралдуу кол салуусунан эвакуацияланган жарандарды кичи мекенине кайтарууга көмөк көрсөтүүдө. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.
Билдирүүдө айтылгандай, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан кичи автобустар уюштурулуп, алар күн сайын Баткен районунун тургундарын кичи мекенине жеткирүүдө.
Транспорт департаменти 3 күн ичинде Баткен облусуна чек арадагы айылдардын эвакуацияланган 1016 тургуну менен 54 кичи автобус жөнөттү.