Садыр Жапаров менен биринчи айым Бурса шаарындагы "Осман гази жана Орхан гази Турбеси" мемориалына барды (фото)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуунун алкагында Бурса шаарындагы “Осман гази жана Орхан гази Турбеси” мемориалына барды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Садыр Жапаровго жана биринчи айым Айгүл Жапаровага күмбөздүн ардактуу кароолунун курамын алмаштыруу аземи көрсөтүлүп, андан соң алар “Осман гази жана Орхан гази Турбеси” мемориалы менен таанышты.

Осман гази Осмон мамлекетинин негиздөөчүсү, 1258-1326-жылдары жашаган. 1326-жылы Бурсаны каратып алгандан кийин Орхан гази атасы Осман газинин керээзин аткарып, күмбөзгө койгон. Күмбөздүн ичинде бермет менен кооздолгон жыгач саркофаг бар. Күмбөздө Осман газинин жакындарына таандык он жети мүрзө бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан