Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-түрк кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.

Садыр Жапаров Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, алар адамзат цивилизациясынын мурасы катары дүйнөдө этноспорт жана этномаданий кыймылды өнүктүрүүгө багытталганын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүккө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан