"Ауыл" элдик-демократиялык патриоттук партиясы Казакстандын президенттигине талапкер кылып республиканын дыйкандар союзунун мурдагы жетекчиси Жигули Дайрабаевди көрсөттү. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Жигули Дайрабаев учурда “Атамекен” улуттук ишкерлер палатасынын Агроөнөр жай комплекси боюнча комитетинин төрагасы кызматын аркалап келет. Ошентип ал Казакстандын президенттигине өлкөнүн биринчи талапкери болуп калды.
Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт.