Оштогу коомдук жайларга жаңы сорттоочу урналар орнотула баштады (фото)

Ош шаарындагы коомдук жайларга "Ош-Тазалык" ишканасы тарабынан жаңы сорттоочу урналарды орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Орнотуу учурунда адамдар көп жүрүүчү жерлерге өзгөчө көңүл бурулат: коомдук транспорт аялдамалары, парктар, сейил бактар.

"Долбоордун негизги максаты - калк арасында таштандыларды сорттоону калыптандыруу. Бүгүнкү күндө 5 жерге сорттоочу урналар коюлса, алдыда билим берүү мекемелеринин жанына, эс алуучу жайларына урналарды орнотуу пландалууда", - деп билдиришти шаардык мэриядан.

Белгилей кетсек, бул иштер "Ош-Тазалык" ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаиловдун демилгеси менен шаардагы тазалыкты жана тартипти сактоо максатында колго алынууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Genka
2022-10-01 10:48:00
Молодцы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан