26-сентябрда Эл аралык Түрк академиясы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп саналган Бурса шаарында Монголияда табылган Илтериш Кутлуг кагандын жазма эстелигин артефакттары менен тааныштырды.
Илимий иш-чаранын жүрүшүндө II Түрк каганатына таандык жазма эстеликтин таанытымы болду. Эл аралык Түрк академиясы менен бирге Монголия илимдер академиясынын археология институтунун окумуштуулары Монголиянын Номгон аймагына жасаган илимий-экспедициясынын жыйынтыгында Көктүрк мамлекетинин башчылары Билге каган менен Күлтегиндин атасы Илтериш Кутлуг кагандын жазма эстелигин табышкан. Аталган жазма эстеликтин артефакттары менен таанышуу иш-чарасына Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн элчилери катышты.
"Илтериш кагандын эстелигин казуу иштери 2019-жылы башталган. Бирок пандемиядан улам эки токтоп калды. Быйыл кайра жанданган археологиялык казуулардын натыйжасында түрк элинин тарыхын эки кылымга тереңдетүүгө болот. Түрк дүйнөсү үчүн өтө маңыздуу жаңылыкка биздин үлүшүбүз болгонуна кубанычтабыз", - деп билдирди Түрк академиясынын президентинин милдетин аткаруучу Фузили Мажидли.
"Буга чейин түрк элдеринин тарыхын Радлов, Томсон, Шмидт, Ядернецев, Хейкел сыяктуу окумуштуулар изилдешкен. Алар Эне-Сай жазма эстеликтерин изилдешкен. Биз Эне-Сай жазма эстеликтеринен кийинки маанилүү табылганы таптык. Бул Түрк элдеринин тарыхы үчүн өтө маанилүү таберик. Жазма эстеликтин дагы бир өзгөчөлүгү - жер алдынан табылышы", - деп билдирүү казуу иштерине катышкан түрколог Напыл Базылхан.
Түрк дүйнөсү үчүн маанилүү деп эсептелген илимий иш-чарага Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия жана Татарстан сыяктуу түрк тилдүү мамлекеттерден келген белгилүү окумуштуулар жана журналисттер катышты.