5-октябрь - Мугалимдер менен билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы. "Поэтерапия" рубрикасында бул күнгө карата акындардын мугалимдерге арналып жазылган ыр саптарын сунуштайбыз.
Асыл кесип
Жалыйнанын (айлык) аздыгына карабай,
Жан үрөйбүз муундан билим аябай.
Жарык чачып турабыз бул ааламга,
Жан дүйнөнү туңгуюкка камабай!
Бийиктерди багынтууну көксөгөн,
Билим жолу даңгыр жана кепкенен.
Азык берген дүйнөсүнө балдардын,
Асыл кесип мугалимдик деп келем!
Мекен үчүн алга кадам таштамак,
Мектептеги парталардан башталат.
Күлгүн чактан агай болсом деп тилеп,
Күткөн элем айлап, жылдап, апталап.
Улуу максат дүкүлдөтүп жүрөктү,
Учкул кыял алга карай сүрөштү.
Жеңиш болуп аракетим талбаган,
Жеттим акыр Кудай берип тилекти!
Мугалиммин – түйшүгү түк бүтпөгөн,
Мугалиммин – муун жолун түздөгөн.
Асыл мүдөө кан-жанымдан агылып,
Аруулукка чулганууда бүт денем.
Баатыр эмес, бүгүнкүнү коргогон,
Баатыр нагыз келечекти болжогон.
Эрдик чыны эч эринбей, талыкпай,
Эл уулдарын тарбиялоо ондогон!
Муунга дайым ийип турган денеси,
Мугалим – бул бүт кесиптин энеси.
Ак эмгегин актап турса балдары,
Ар бир жандын көккө жетер төбөсү!
Таалим алып өткөн ар бир ирмемден,
Талпын алга, кирди-чыкты күн көрбөй.
Өкүт тартпайт бул жашоодон, билемин,
Өз кесибин чын дилинен сүйгөндөр!
Кармай билип, бул замандын тамырын,
Калкка чачсам илим-билим жарыгын.
Болочогун түздөй алсам балдардын,
Болор менин мекениме салымым!
Автор: Эрлан Жумагазиев
Кесиптердин көч башы
Президентпи, депутатпы же ырчы,
Деги бүтүн ар тармакта кызматчы.
Кичинеңден билим берип окуткан,
Мугалимге дайым таазим кылсаңчы.
Себеби ал баласындай бөпөлөп,
Билим берсе энесиндей өңдөнөт.
Тарбияны бирдей берип баарына,
Келечекке туура жолду көрсөтөт.
Муундарды тарбиялап ар жылы,
Далай тартат бала үчүн кайгыны.
Бир мен үчүн бийик турат хандан да,
Билим берген мугалимдин бардыгы.
Четке кагып бул оюма ким каршы,
Кээде күлүп, кээде агат көз жашы.
Акчасы аз, түйшүгү көп тер төккөн,
Мугалимдик кесиптердин көч башы.
Автор: Нурсултан Жайлообай уулу
Мугалимге
Жан дүйнөсү баарына жакын адам,
Улуу ойлор курчаган асыл адам.
Келечекке жол ачкан мугалимим,
Канча мактоо айтсам да татыбаган.
Өйдөлөтүп, өстүрүп ар бир кебиң
Өзүңдөгү жакшынын баарын бердиң.
Караңгылык дартынан айыктырган,
Дүйнөдөгү эң мыкты дарыгерим.
Үмүтүмдү өчүрбөй тутантканым,
Бүрдөп турат суу ичкен бутактарын.
Жол табалбай турганда досумду эмес,
Сиз окуткан китепти кучактадым.
Сизсиз чындап татыктуу кубанууга,
Сиз үйрөткөн тамгалар куралууда.
Өмүр бою чын дилден рахмат айтып,
Сизге арнаган ырларым уланууда...
Автор: Жаннат Сабырбекова
Мугалим
Көп окуп, көптү бил деген,
Билимге дайым үндөгөн.
Бар үчүн коомдо мугалим,
Жай-кышы бирдей гүлдөгөн...
Мугалим билим булагы,
Ар дайым урмат кылалы.
Аз болсо дагы ызааттап,
Куттуктоо айтып туралы...
Илимдин кенин каздырган,
Ызгаардуу кышты жаз кылган.
Караңгы доорду жаркытып,
Адамдын көөнүн шат кылган...
Кут болсун майрам күнүңөр
Коомго аппак дилиңер
Үйрөтүп илим-билимди
Жол баштап дайым алдыда
Ар убак эсен жүрүңөр...
Автор: Эрнисбек Урукеев
Белгилей кетсек, өлкөдө мугалимдердин кесиптик майрамын 5-октябрда белгилөө тууралуу токтом 2014-жылы 30-октябрда кабыл алынган.