Бүгүн, 2-октябрга караган түнү Индонезиянын Маланг шаарындагы "Канжурухан" стадионунда трагедия болду.
Анда футбол боюнча Индонезия чемпиондугунун алкагында "Арема" жана "Парсебайя" командалары беттешип, оюн 3:2 эсебинде "Парсебайя" командасынын жеңиши менен аяктады.
Финалдык ышкырыктан кийин маанайы чөккөн "Арема" клубунун күйөрмандары оюн талаасына чуркап чыккан. Жыйынтыгында тартип сакчылары көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан.
Мындан улам трибунадагы эл дүрбөлөңгө түшүп, стадиондон чыгууга аракет кылып, натыйжада тыгын пайда болгон. Андан 127 адам, анын ичинде аялдар жана балдар каза болгон. 180дей адам ооруканага жаткырылды.
Лиганын жетекчилиги алдыдагы бардык оюндар жокко чыгарыла турганын билдирди. Бул каргашалуу окуя да иликтенет.