Лондон шаарында Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II'нин табытын кайтарып кызмат өтөгөн он сегиз жаштагы жоокердин сөөгү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 18 жаштагы Жек Бернелл-Уильямс 19-сентябрда ханышаны акыркы сапарга узатуу зыйнатында табыты коштоп барган. Ал ханышаны акыркы сапарга узаткандан эки жума өткөндөн кийин каза болду. Анын сөөгү казармадан табылган.
Полиция кызматкерлери жаш жигиттин өлүмүн күтүүсүз деп эсептеп, эч кандай шек жок экенин билдиришкен.
Жоокердин үй-бүлөсү уулу табытты кайтарганы үчүн катуу сыймыктанышканы белгилүү болду.