"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын жана дүйнөнүн учурдагы чемпиону Акжол Махмудов жаңыланган рейтингде экинчи орунга жайгашты. Бул тууралуу маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, кыргыз балбаны жалпы 55 миң упай топтоп, рейтингде экинчи орунга жайгашты. Ал эми Акжол Махмудовдун салмагында рейтингде биринчи орунга түркиялык Юнус Басар жайгашты. Анын карамагында 59 миң упай бар. Үчүнчүгө Акжол Махмудов финалда жеңген венгриялык Золтан Леваи жайгашты.
Белгилей кетсек, Акжол Махмудов рейтингде биринчи орунга чыккан түркиялык балбанды Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында 9:7 эсебинде жеңип алган. Ал Дүйнө чемпиондугундагы бардык атаандаштарынын ичинен ушул түркиялык балбан менен болгон беттеш оор болгонун айткан.
Акжол Махмудов сентябрь айында Сербияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда чемпион аталган. Муну менен ал Кыргызстандын тарыхында эркектер арасында алгачкы Дүйнө чемпиону болду.