Бишкек шаарынын тургундарынан лифт кызматына бир айдын ичинде 114 арыз келип түштү. Бул тууралуу мэриянын маалыматында жазылат.
Анын ичинен 87 муниципалдык арыз болсо, 25и ар башка болгон.
"99 арыз боюнча көйгөйлөр четтетилди, 15 арыз аткарылууда.
Лифттердин иштешинде көйгөйлөр жаралса, "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын лифттик авариялык кызматына 43-78-48 телефон номери аркылуу байланышса болот", - деп айтылат маалыматта.