Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими" сынагынын IV этабы башталды

Бүгүн, 3-октябрда “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагынын IV этабы башталды.
Билим берү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, сынакка буга чейинки баскычтардан ийгиликтүү өткөн 17 талапкер катышууда.
"Билим берүү тармагы абдан оор тармак. Бул тармакта жаңы нерсени өздөштүрүп, анын жемишин алууга 10-12 жыл кетет. Андыктан бардык катышуучулар сынактан жаңы тажрыйба, билим, идея аласыздар деп ишенем. Эң башкысы сынак ачык-айкын, адилеттүү өтүп, чыныгы кесипкөйлөр жеңишке жетишин каалайм", - деп билдирди Надира Жусупбекова.
Сынактын IV этабы 3-4-октябрь күндөрү №69 жалпы билим берүү орто мектебинде жана №182 бала бакчада өтөт. Анда педагогдор чеберчиликтерин жана көндүмдөрүн көрсөтүү үчүн сабактарды өтүшөт. Мугалимдер үчүн мастер-класстар дагы уюштурулат.
Белгилей кетсек, республикалык сынактын жеңүүчүлөрү 5-октябрь күнү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында сыйланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан