Тажикстандын агрессиясы: Бирдиктүү эсепке 310 миллион сомдон ашык каражат түштү

Бүгүн, 3-октябрга карата Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларына колдоо көрсөтүү үчүн Финансы министрлигинин бирдиктүү казыналык эсебине 310 миллион 129 миң 742 сом түштү. Бул тууралуу министрликтин расмий сайтына жарыяланды.

Маалым болгондой, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле финансылык алдамчылыктын алдын алуу максатында ачылган.

Белгилей кетсек, 16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 62 адам каза болгонун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан