Тажикстандын агрессиясы: ӨКМ тарабынан атайын чатырлар курулууда (фото)

Баткен облусунда жергиликтүү жашоочулардын үйү курулуп бүткөнгө чейин атайын чатырлар курулууда. Бул туурасында мекеменин маалыматында жазылат.
Ага ылайык, чатырларды куруу бүгүн Ак-Сай айылынын Капчыгай тилкесинде башталды.
"Меши менен кийизден жасалган жылуу курама үйлөр ысык-суукта бирдей температураны сактай алат жана ден соолукка зыяны жок", - деп жазылат ӨКМнын маалыматында.
Ошондой эле облуста түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча ӨКМ тарабынан тиешелүү бардык чаралар ыкчам жана уюшкандыкта жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Маалымат үчүн: 16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 62 адам каза болгонун билдирген.
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен облусунда 640 турак жай жабыркады жана анын 423ү жараксыз абалга келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан