Шайлообек Атазов өлкөдө иштеген жарандарды айлыгынан аскердик техника алууга 200 сомдон берип турууга чакырды

Өлкөдөгү бардык улуттун өкүлдөрү аскерге барууга милдеттүү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айтты.

"Салык кодексинде иштеп жаткан 18 жаштан өткөндөр аскердик техника алуу үчүн айлыгынан ай сайын 200 сомдон берип турса. 1 миллион адам иштесе ар айда эле 200 миллион сомдон түшүп турат экен. Ошону 5 жылдай киргизип туруш керек болуп жатат. Бул кийим-кечек, тамак-ашка эмес, бир гана аскер куралдарын алуу үчүн. Буга ар бир кыргыздын патриоту айлыгынан 200 сомдон берип турганга макул болсо керек деп ойлойм", - деди Атазов.

Ошондой эле Шайлообек Атазов Кыргызстандагы бардык улуттун өкүлдөрү аскерге баруусу керектигин айтып, аскерге кызмат өтөөнүн мөөнөтүн 1 жыл эмес, 1 жарым жыл кылууну карап көрүү керек экендигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
talant87
2022-10-03 16:30:00
Шайлообек Атазов мырза ушул созунузго озунуз баш болуп курал алсаныз Эл карап турбайт себеби Эл бийликтин бутактарына ишенбейт. Садырга ишенседа жанындагыларга ишенбейт мен мисалы 5000 сом бермекмин
-19
Kuban-1207
2022-10-03 16:43:00
Атазов көп эле бирдемелерди оюнан чыгарып айта бербечи
+1
Antiradikal11
2022-10-03 17:19:00
Раимдин жетим жугуругу...... Раим миллионундун болжолдуу 1 миллиард доллар байлыгы бар. Сенин 5 жылда элден топтом деген акчанын суммасы 150 миллион доллар экен. Ошону Раим шефинден сура, коп болсо байлыгынын 1/6 экен.......
+2
Aza.08.03.05
2022-10-03 17:21:00
Болотурган ишти айткылачы .
0
Ala.too.456
2022-10-03 18:59:00
Негизинен жакшы идея экен. Кечегиндей согушта элге миллиондоп жардам бергенде коро, ошону алдын алган жакшыго дейм...
0
Ankel
2022-10-03 22:29:00
Депутат катары көп жакшы сунуштарды киргизесиз, бирок бул сунуш болбой калды. Айылда азык-түлүк, ун, май, эт ж.б. баасы асманда. Эптеп жан багуу менен алек көпчүлүк.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан