Айдоочу, сак бол! Төө-Ашууда кар жаады

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Айдоочуларды сак болууга, жол эрежесин сактоого жана мүмкүн болсо жолдун бул тилкесинде жүрүүдөн баш тартууга чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызгидрометтин болжолдоосуна ылайык, бүгүн күндүз Чүй облусунда айрым жерлерде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ал эми эртең облустун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан