Алтынбек Максутов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аны маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу кылып дайындоого өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Алтынбек Максутовдун талапкерлиги маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.