Кыргыз спортчулары IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы 14 спорттун түрүнөн катышып, 58 медаль жеңди. Анын ичинен 16 алтын, 17 күмүш жана 25 коло медаль. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында болуп өттү. Мелдештер 29-сентябрда башталып 2-октябрга чейин уланды.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына Кыргызстандан расмий оюн катары көк бөрү жана "Алыш" бел боо күрөшү киргизилген. Көк бөрү боюнча курама команда финалдык беттеште 5:0 эсебинде Казакстан курама командасын жеңип, чемпион болушту. Ал эми “Алыш” бел боо күрөшүнөн балбандар жалпы 19 медаль жеңди.
Ошондой эле жер улак (көк пар) боюнча беттеште Кыргызстан күмүш медалдын ээси болду.
Мындан сырткары кыргыз спортчулары күрөштүн 8 түрүнө катышты. Алар: ашыртмалы жана капышмалы аба күрөшү, казак күрөшү, күраш (өзбек), шалвар, пехлавани, май күрөш жана татар күрөшү.
Көчмөндөр оюндарынын 2-күнүндө мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу, ат үстүндө жаа атуу спорту боюнча беттештер өткөн. Мас-рестлинг боюнча курама команда Кыргызстандын эсебине алгачкылардан болуп 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байге алып келген. Салттуу жаа атуу боюнча командалык эсепте эркектер арасында 1 алтын жана кыздар арасында 1 коло байге жеңишкен. Ошондой эле жекелик эсепте кыздар арасында 1 коло байге буюрду.
Белгилей кетсек, мындан сырткары тогуз коргоол жана кыргыз күрөшүнөн көрсөтмө оюндар болуп өттү.