
Кар жаагандыгына байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ала-Бел жана Төө-Ашуу ашууларында кар жаап жаткандыгына байланыштуу жол тыгындарын алдын алуу максатында саат 21:00дөн баштап Бишкек-Ош унаа жолунун 271-чакырымында (Арал посту) оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди", - деп билдиришти министрликтен.
Ал эми жеңил унаалар өтүүдө.
Жолдун ачылышы тууралуу маалымат алууда 112 номерине байланышыңыз.