Орусиядан Ысык-Көлгө сентябрь айынан чартердик каттамдар ачылган. Учурда Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча аба каттамдар күн сайын, башкача айтканда, жумасына 7 жолу аткарылууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалымдалгандай, Санкт-Петербург-Тамчы-Санкт-Петербург багыты боюнча чартердик каттам жумасына бир жолу (жума күндөрү) аткарылууда.