Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Европа биримдигинин Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор мырза менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Тажикстанды чек ара айылдарынын жай тургундарына каршы куралдуу жана башка чагымчыл аракеттерди токтотууга мажбурлоо чараларын көрүүсүн өтүндү. Бул тууралуу басма сөз кызматынан билдиришти.
Акыйкатчы жайкын элге каршы жасалган бардык кылмыштар үчүн жоопкерчилик болорун Тажикстанга билдирүү менен, бүткүл эл аралык демократиялык коомчулук үчүн артыкчылыктуу милдети болгон адам өмүрүн, укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча бардык эл аралык укук коргоо уюмдардын ишмердүүлүгүн күчөтүүсүн суранды.
Сүйлөшүү учурунда акыйкатчы Атыр Абдрахматова Евробиримдиктин атайын өкүлүнө 19-сентябрдан бери акыйкатчы аппарат кызматкерлери менен бирге Баткен облусунун бардык жабыркаган айылдарын кыдырып, 400дөн ашык жай тургундар менен, алардын көбү Тажикстандын аскер агрессиясынан улам качууга аргасыз болгон аялдар менен маектешкенин билдирди.
"2022-жылдын 16-сентябрында алдын ала пландалган тажик аскер агрессиясынын, адамгерчиликсиз чек ара айылдарынын тынч элин аткылоолорунун натыйжасында Кыргызстандын 60тан ашуун жараны, анын ичинде он беш жаштагы кыз каза болгону, жабыркагандардын 20дан ашыгы жаш бала, 20дай аял, алардын бир нечесинин абалы оор. 140 миңден ашык жаран, биринчи кезекте балдар, кары-картаңдар, аялдар жана майыптуулугу барлар өз өмүрүн сактап калуу үчүн тез арада үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир нече айылдын калкы азыр үйүнө кайтып келе турганга шарты жок. Кээ бир үйлөр толугу менен тонолгон жана өрттөлгөн, көпчүлүк аткыланган айылдардын тургундарынын малы уурдалган, жыйналган түшүмдөрү уурдалган же өрттөлгөн.
Лейлек районунун Максат айылындагы мектепти жана бала бакчаны сабак учурунда тажик аскер кызматкерлери эч бир аёосуз аткылаган. Ок атууну токтотуу талабына карабастан агрессорлор Баткен районунун Ак-Сай жана Достук айылдарындагы мектептерди, бала бакчаларды жаш балдардын барына карабай аткылап, басып алып, жабдуулдарды талкалап, өрттөгөн. Мектеп кароолчусун, ошондой эле үйүнөн качып кете албаган бир майыптуулугу бар адамды мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Шашылыш качуу гана аткылоо учурунда бала бакчаларда жана мектептерде калган балдарыбыздын өмүрүн сактап калды. Эми алардын жашоосу эч качан мурункудай болбойт, балдардын бактысы, кыялдары талкаланып, аскердик агрессиянын балдарга келтирилген зыяны узакка созулаарына Акыйкатчы өзгөчө токтолуп, көптөгөн балдар дагы эле катуу үндөн коркушаарын, түнкүсүн начар уктап, ыйлап, кээ бирлери сүйлөбөй калгандыгын Евробиримдиктин атайын өкүлүнө маалымдады", - деп жазылат маалыматта.