Бишкекте 61 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди

Бишкектин Ленин райондук акимчилигинде 16 жашка чейинки балдарды туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен камсыз кылуу жана 17 жаштан жогоркуларды жалпы паспорт менен камсыздоо маселеси боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Отчёттук мезгилде район боюнча 93 баланын документи жок экендиги аныкталган. Бүгүнкү күндө 61 бала туулгандыгы тууралуу күбөлүк алса, 32 бала күбөлүктү алуу стадиясында турат.

"Жыйынтыгында күбөлүк, аты-жөнүн тастыктоочу документтерди ала элек жашы жете элек балдарды аныктоо жана документтерди алууга ар тараптуу көмөк көрсөтүү боюнча иштерди улантуу чечими кабыл алынды.

Аталган иштер министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасын аткаруу максатында жана 17 жашка чейинки курактагы балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү берүү максатында жүргүзүлүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан