Бийлик Баткен облусун калыбына келтирүүгө 3 миллиард сом бөлдү

Финансы министрлиги Тажикстандын куралдуу кол салуусунда талкаланган аймактарды калыбына келтирүүгө 3 миллиард сом бөлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматта бул каражат президенттин “Баткен жана Ош облустарынын администрациялык-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында “Капиталдык салымдар” беренесинин 2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен каралганы айтылат.

"Каражаттар талкаланган аскердик жана жарандык инфраструктураны калыбына келтирүүгө, курууга, анын ичинде социалдык, ирригациялык объектилерди курууга жана капиталдык оңдоого, калкты таза суу менен камсыздоого, турак-жай салууга, ошондой эле жолдорду реконструкциялоого жумшалат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кол салуунун кесепетинен 640 турак үй талкаланганы маалымдалган. Анын ичинен 423ү жашоого жараксыз, 217си оңдоп-түзөөгө муктаж. Ошондой эле 11 административдик объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө зыянга учурады.

Учурда чек арадагы чырдан талкаланган турак жайлардын орду тазаланып, жаңы курулушка даярдык көрүлүүдө. Өлкө башчы Садыр Жапаров жаңы үйлөрдү жыл жаңырганга чейин салып бүтүрүү тапшырмасын берген. Ага чейин жергиликтүү тургундар мектептерде жашап турушат. Ошондой эле аларга убактылуу баш калкалап туруу үчүн жылууланган чатырлар тигиле баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан