Ала-Букада 9 миллион 536 миң сомго бааланган 0,12 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан 9 миллион 536 миң сомдук 0,12 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2009-жылы Ала-Бука айыл өкмөтүнүн мурунку жооптуу кызмат адамдары жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуп, муниципалдык менчиктеги 0,12 га жер аянтын 15 миң 570 сомго сатып жибергендиги аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан Ала-Бука айыл өкмөт башчысынын атына прокурордук талап келтирилип, анын жыйынтыгында аталган жер тилке муниципалдык менчикке алынды.