Салык кызматы 9 айда 148 миллиард сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик салык кызматы 148 миллиард 125 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 44,3 миллиард сомго көп.
Анын ичинде 111 миллиард 755,4 миллион сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 236,8 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 35 миллиард 906,6 миллион сомго көп жыйналган (өсүү ыргагы 147,3%).
Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 36 миллиард 369,6 миллион сомду түздү. План 1 миллиард 29,6 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 миллиард 443,4 миллион сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 130,2%).