Юстиция министрлиги Баткендеги чек арачыларга 1000 комплект кышкы форма берет (фото)

Юстиция министрлиги Баткен облусундагы чек арачыларга 1000 комплект кышкы форма берет. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, комплектке бекитилген технологиялык талаптарга жооп берген, талаада кийиле турган жылуу камуфляждык күрмѳ (бушлат) жана шым кирет.

Бардык 1000 комплект Баткен облусуна октябрь айынын ичинде өткөрүлүп берилмекчи.

Өндүрүштү Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы «Келечек» МИсы даярдоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан