Өзгөндө Кемпир-Абад боюнча маселеге жергиликтүү тургундар киргизилбей жатабы? Жооп

Өзгөндө президент менен Кемпир-Абад маселеси боюнча жолугушууга жергиликтүү тургундар кирбей калды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-октябрда Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда. Жергиликтүү калкка кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесиндеги чек ара, ошондой эле "Кемпир-Абад" суу сактагычынын маселелери боюнча кеңири маалымат берилүүдө.
Мындан тышкары жергиликтүү тургундар тарабынан берилген суроолорго жооптор берилүүдө. Жолугушууга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.
Мамлекет башчысы менен жолугушууга жергиликтүү тургундар киргизилбей жатат деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бардык каалоочулар этап-этабы менен жыйындар залына киргизилүүдө", - деп жазды ал.
Бүгүн, 4-октябрда өлкө башчы Өзгөн райондук администрациясынын имаратында эл менен жолугушуу өткөрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан