Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров экономика тармактары менен калкты 2022-2023-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул жөнүндө мекемеден билдиришти.
Ага ылайык, жыйындын жүрүшүндө Жапаров Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраевди тааныштырып, министрликтин алдында бир катар маанилүү милдеттер турганын белгиледи.
"Ушул жылы энергетика тармагын өнүктүрүүгө рекорддук 12 миллиард сом бөлүндү. Башталган реформалар аягына чыгышы керек, бөлүштүрүүчү компаниялардын ишин карап чыгуу керек. Сандарды карасак, эбегейсиз өлчөмдөгү киловатт электр энергиясы кайда кетип жатканы азыркыга чейин белгисиз. Секирик жасаш керек, бул үчүн сиздерде бардык мүмкүнчүлүктөр бар", - деди Акылбек Жапаров.
Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы борбор калаанын ЖЭБине барды.
Объектини кароонун жүрүшүндө белгиленгендей, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планынын алкагында бекитилген бардык жумуштар толук көлөмдө жана өз мөөнөтүндө аткарылган. Анын ичинде көмүрдүн белгиленген көлөмү менен камсыздоо, жабдуулардын кышында мүмкүн болгон жүктөмдөргө талаптагыдай даярдыгын камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаарындагы ЖЭБдин иши менен таанышуу учурунда Жапаров ишкананын аймагында жайгашкан металл калдыктарына көңүл бурду.
"Бардык металлды иргеп, ЖЭБдин аймагын бошотуу керек, алар көмүрдү сактоого тоскоол болот да. ЖЭБди металл калдыктарын сактоочу жайга айландыруунун кереги жок. Тартипке келтиргиле", - деген Жапаров.