"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы Дайырбек Орунбеков тараткан билдирүүгө жооп берди. Анда ал тараткан билдирүү анын компетентсиз жана сабатсыз экендигин билдире турганы белгиленген.
Партиянын маалыматы боюнча “Кемпир-Абад” суу сактагычынын айланасында болуп жаткан окуялар боюнча президенттин эл менен жолугушуусунда даярдалган адамдар алдын ала имаратка киргизилип, карапайым эл көчөдө калган.
"Президенттин маалымат кызматынын башчысы Д.Орунбеков жыйын өтүп жаткан учурда одоно түрдө элди бөлүп-жарып, жыйынга кирбей калган жарандарга, түз эфир аркылуу чагылдырып жаткан ЖМК өкүлдөрүнө ишенбөөгө чакырып, өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу тараткан маалыматы бүтүндөй элдин көңүлүн ирээнжитти.
“Урматтуу” азаматтар!
Силерге жана кожоюндарыңарга эл биринчи, экинчи, үчүнчү сорт же болбосо Мадумаровдун тарапташтары же башканын тарапташтары деп бөлүнсө, биз үчүн баары бир эл!", - деп жазылат билдирүүдө.
Буга чейин Дайырбек Орунбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына "Жыйынга киргизбей койду деп таратылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт, бүгүн кечке чейин келгендер кирип маалымат алышат. Эч кандай пикирлерге чектөө болгон жок, депутат Адахан Мадумаров жана анын тарапташтарына чейин сөз берилди", - деп жазган.