Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.
Маалымдалгандай, каражат алган үй-бүлөлөр ишкерлик баштап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарынан чыгууга аракет кылышат.
Сузак району боюнча 85 бизнес долбоордон тандалып алынган 50 долбоор мал чарбачылык, майда соода, тигүүчүлүк, аарычылык жана башка чакан бизнес багыттарын камтыган. Каражат министрлик тарабынан "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пул алуучулардын арасында берилүүдө.
Маалымат үчүн: Аталган долбоор министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы токтомуна ылайык ишке ашырылууда. Анын алкагында 2800 үй-бүлөгө республикалык бюджетен 292 миллион сом бөлүндү.