Бейшембиде Бишкектин 2 кичи районунда таза суу берилбейт

6-октябрда Бишкектеги №11, 12 кичи райондордо таза суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калаанын эки кичи районуна таза суу саат 10:00дөн 17:00гө чейин берилбейт.

12-кичи райондо жана 11-кичи райондун №12/1, 13/1, 14/1 турак жайларында суу болбойт.

Суу Насостук станцияда жана шаардагы таза суу тармактарында профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан