Жакында борбор калаадагы Панфилов көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылат

Жакында Бишкек шаарындагы Панфилов көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Медеров көчөсүнөн Чыгыш Чоң Чүй каналына чейин Панфилов көчөсүнүн бөлүгүндө оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Кеңири масштабдуу реконструкциядан кийин жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 9 метрди, узундугу 726 метрди түзөт.

Жөө адамдар үчүн да жолдун эки тарабына тротуарлар төшөлүп, жашыл жерлерди сугаруу үчүн арыктар курулду. Бүгүнкү күндө асфальтбетон төшөлмөнүн үстүңкү катмарын орнотуу боюнча иштери аяктап, жолдорду белгилөө жана жол белгилерин орнотуу иштери башталуу алдында турат.

Эске салсак, "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчө реконструкцияланат, ошондой эле 5 көпүрө курулган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан